Коом

Бишкекте бейтаптар азайып, ооруканалар бошой баштады. Тизме

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн азыркы тапта 1 159 бош орун бар экенин билдирди.

Маалымат 1-август саат 8:00гө карата берилген. Бүгүн мурдагы күндөргө салыштырмалуу бош орундардын саны аз.

Коронавируска кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга кайрылса болот.

  • «Гансидеги» оорукана — 367;
  • Воронцовкадагы санаторий — 65;
  • Улуттук госпиталь — 207;
  • №1 интернат — 95;
  • Республикалык наркология борбору — 97;
  • Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 52;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 67;
  • «Ынтымак» медресеси — 55;
  • Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 60;
  • Rixon мейманканасы — 27;
  • Улуттук хирургия борбору — 11;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 22;
  • Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы —21.
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 1;
  • Кыргыз темир жол ооруканасы — 13.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button