Саясат
Болот Ибрагимов ЖК төрагасынын орун басары болуп шайланды

Депутаттар бүгүн, 19-февралдагы жыйында Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселесин карашты.
Буга чейин «Мекенчил-Ынтымак» депутаттык тобу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматына депутат Болот Ибрагимовдун талапкерлигин көрсөткөн.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин 53 депутат колдоду.
Болот Ибрагимов 36 жашта. Ал 2024-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, кийинчерээк вице-спикер кызматын аркалаган.
2025-жылдагы парламенттик шайлоодо №22 көп мандаттуу шайлоо округу (Октябрь району) боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.



