
Маданият министрлиги бул маселенин үстүндө иштеп жатканын министр Алтынбек Максутов парламентте айтты.
Министр учурда уюштуруучулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Ал рэперге Россияда кылмыш иши козголгонун эске салды.
Моргенштерндин концерти 23-июнга белгиленген. Бирок соцтармактарда айрым кыргызстандыктар рэперди «коомду бузган адам» катары баалап, келишине каршы болуп жатышат.
Баса, кечээ ошол эле россиялык «Би-2» тобунун (солисти РФте чет элдик агент деп таанылган) концертин дагы токтотуу чечими кабыл алынган.
Моргенштерн Россияда чет элдик агент катары таанылган.



