Коом

ИИМ: Чүй облусунда “Коопсуз өлкө –туруктуу келечек” аталыштагы форум өткөрүлдү

2024-жылдын 16-февраль күнү Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” 2022-жылдын 23-августунда кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруу боюнча өткөрүлүүчү “Коопсуз өлкө –туруктуу келечек” аталыштагы Чүй облусунун форуму ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Билим берүү жана илим, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтердин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн, Чүй облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү депутаттарынын, мамлекеттик органдардын жергиликтүү өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.


“Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери” аталыштагы форумдун жетектөөчү идеясы “Коопсуз өлкө –туруктуу келечек” болуп саналат. Форумдун негизги максаты Чүй облусунун аймагында укук бузууларды алдын алуунун максаттары, жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо, четтетүү болуп саналат.
Форум Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин аткаруу менен ачылып, “Укук бузуунун алдын алуу негиздери” темасындагы атайын даярдалган видеоролик көрсөтүлүп, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында “Күч бирдикте” аталышындагы кыска спектакль көрсөтүлдү.


Форумдун жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду. “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталыштагы форумда сиздер менен жолугушуп, саламдашып турганыма абдан кубанычтамын.
Бул иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин Чүй облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлчүлүгү, жергиликтүү бийлик, укук коргоо, фискалдык органдар, күч түзүмдөрү, аксакалдар, аялдар, жаштар кеңештери жана коомчулуктун активдүү өкүлдөрү катышып жатасыздар.
Эң негизгиси элибиздин эртеңкисине салкын карабаган мыкты инсандар чогулуп отурасыздар. Ички иштер министрлиги тарабынан демилгеленген форумга келип катышып, элдин туруктуу жашоосун мындан ары бекемдөөгө жигердүү салым кошуп жатканыңыздар үчүн, Ички иштер министри Улан Омокановичтин жана Кыргыз милициясынын өздүк курамынын атынан терең ыраазычылыгымды билдирем.
Бүгүнкү иш-чаранын түпкү уңгусун белгилеп, “Улуттук пландын” максатын жана аткара турган милдеттерине кыскача токтолуп өтөйүн. Республиканын аймактарында жарандардын коопсуздугун натыйжалуу сактап, элдин бейпил жашоо-шартын камсыздоо үчүн, 2021-жылдын 5-майында “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган. Анын негизинде, копцепция иштелип чыгып, мыйзамдын талаптарын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн “Улуттук план” түзүлүп, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген. Аталган маанилүү иш-чаранын аткарылышын жалпылап, координациялык жумуштарды алып баруу Ички иштер министрлигине тапшырылган.
“Улуттук план” боюнча кечээ күнү, министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен жолугуп, Ички иштер министрлигинде атайын кеңешме өткөрүп, чогуу талкуулап, андан аркы жүргүзүлө турган иштерди белгиледик. Чүй жергесинде өткөрүп жаткан бүгүнкү форумубуз, сиздердин да көңүлүңүздөрдөн орун алып, элдин колдоосун ээ болуп, купулуна толот деп ишенем. Бирок, форумдар ушуну менен токтоп калбайт.
Себеби, “Улуттук пландын” башкы максаты элдин коопсуздугун чыңдап, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүп, укук бузууларга өбөлгө болуучу бардык себептер менен шарттарды өз учурунда аныктап, четтетүү болуп саналат.
Бул маанилүү учурду эске алуу менен Ички иштер министрлиги кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында бир катар жаңы форматтагы ыкчам-кызматтык ишмердикти уюштуруп, жүктөлгөн милдеттерди аткарып жаткандыгын билдирем.
Анын алкагында, бүгүн ушул жерден Чүй облустук ички иштер органдарына 20 даана автоунаа тапшырдык. Биздин кызматкерлер, бул унааларды коомдук тартипти сактоого пайдаланып, ар түрдүү кыйын кырдаалга дуушар болгон жарандарга жеринде сервистик тейлөө көрсөтүү иштерин алып барышат. Эл менен түздөн-түз иштеген аймактык тескөөчүлөрдү заманбап технологиялар менен камсыздоо иштерин улантып жатабыз. Өткөн жылдын аягында жана ушул жылдын башында аймактык тескөөчүлөргө 50дөн ашык “Нива” унааларын таратып бердик.
Кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүп, коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча Токмок шаардык, Жайыл райондук администрациялары аймактык тескөөчүлөргө планшеттерди алып беришти. Учурдан пайдаланып, облустук жергиликтүү бийлик органдарына кайрылам: Жооптуу болгон аймактардын коопсуздугун бекемдөө үчүн, видео-камераларды орнотуу, аймактык тескөөчүлөргө планшет, боди-камера алып берүү жагын карап, колдоо көрсөтсөңүздөр, ар түрдүү укук бузууларды алдын алууга, көмүскө экономиканы ачыктоого, ыкчамдыкты күчөтүүгө жакшы шарттар түзүлөт.
Ички иштер министрлиги тарабынан жасалып жаткан иштер ушуну менен чектелип калбайт. Быйылкы жылы санарип тармагын мындан ары да өнүктүрүүгө, укук бузууларды алдын алууга, жол коопсуздугун бекемдөөгө жана башка багыттар боюнча көптөгөн жумуштар алып барылат. Бул иштердин натыйжасында, калк арасында укук бузуулар төмөндөп, кылмыштуулук азайып, жарандар арасында орун алып жаткан терс окуялар жокко эсе болгон абалга жетишебиз деп ишенем.
Мына ушундай туруктуу жагдай, өлкөбүздүн мындан ары өсүп-өнүгүүсүнө, элдин стабилдүү социалдык-экономикалык турмуш-тиричилигин жакшыртууга жакшы өбөлгө түзөөрү шексиз. Бирок, алдыбызга коюлган талаптарды ийгиликтүү аткаруу үчүн, баарыбыз чогуу бир муштумдай түйүлүп, ынтымакта иш алып барбасак, анда аруу тилектерге жетүүгө мүмкүн эмес. Себеби, коомчулуктун бүткүл жашоосунда орун алып жаткан терс көрүнүштөргө туруштук берүү жалгыз гана милициянын колунан келе берчү иш эмес. Ошондуктан, күч түзүмдөрүн, сот, фискалдык органдарды, жергиликтүү бийликти жана элим деп жүрөгү соккон активдүү өкүлдөрдү калкыбызды терс көрүнүштөрдөн коргоп, эртеңки келечекке кам көрөлү деп чакырам. Үй-бүлөдөн баштап, жогорку муунга чейин коомдук адеп-ахлактын эрежелерин туура сактоону туюндуруу бүгүнкү мезгилдин талабы.Башкаларга үлгү болгон, коомго пайда алып келген, уул-кыздарды тарбиялоо өзүбүздүн колубузда экендигин унутпайлы. Түндүк менен түштүктү байланыштырып, “Жибек Жолунун” ээси болгон Чүй өрөөнүнөн кыргыздын намысын коргоп, душмандардан сактап келген бир катар баатырлар чыккандыгын баарыбыз жакшы билебиз. Бүгүнкү форумда катышып жаткан баардык күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө, министрлик менен ведомстволордун Чүй облусундагы башкармалык, бөлүмдөрүнө, ушул жерде отурган жалпы коомчулукка кайрылабыз:
Келиңиздер, баарыбыз биргеликте чогуу жумуш жүргүзүп, коом арасында болуп жаткан коркунучтардан арылып, келечек муунга жакшы жашоо шартын түзүп берели. Азыркы учурда, өлкө жетекчилиги тарабынан элдин жашоо турмушун жакшыртууга баардык аракеттер жасалууда. Мамлекеттик деңгээлдеги иш-аракеттердин ийгиликтерин өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Эл өкүлү болгон депутаттарыбыз коомго ыңгайлуу мыйзамдарды кабыл алып, жарандардын көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүү боюнча жакшы жумуштарды жүргүзүп жатышат. Башкача айтканда, мамлекетибиз стабилдүү өнүгүү жолуна түшүп, кайсы гана тармак болбосун эл үчүн иш алып барганга толук шарттар түзүлдү. Ал эми, адеп-ахлакка туура келбеген, ченемдик-нормаларга каршы болгон терс көрүнүштөрдү жоюу баарыбыздын колубузда экендигин белгилеп өтмөкчүмүн.
Турмушта кездешип жаткан укук бузууларды болтурбай, себептерин аныктап, алардын келип чыгышына өбөлгө түзгөн баардык шарттарга бөгөт коюу иш-чараларын биргеликте жүргүзөлү. Өзүбүз аракет жасап, кайдыгер болбой, азыртан баштап иш жүргүзүп, коомчулук арасында болуп жаткан баардык терс көрүнүштөрдү жоюп, иш алып баралы деген аруу тилекти айтат элем.
Мен ишенем, сиздер менен чогуу алдыбызга коюлган милдеттерди так аткарып, элибиздин коопсуздугу үчүн жакшы ийгиликтерге жетебиз”, -деди Октябрь Урмамбетов.
Ошондой эле, форумдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Азыгалиев, Керим Ханжеза, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Канат Джумагазиев жана башкалар сөз сүйлөп, кызматташуу жолдору белгиленди. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов тарабынан укук бузуулардын алдын алууда ички иштер органдары менен биргеликте тыгыз иш алып баргандыгы үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу өкүлдөрү жана ички иштер органдарынын кызматкерлери ИИМдин сыйлыктары менен сыйланышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button