Коом
Депутат нааразы: Аялы менен күйөөсү урушса да парламент күнөөлүү

Депутат Мирлан Самыйкожо бардык терс көрүнүштөргө парламент жаманатты болгонуна нааразычылыгын билдирди.
«Жол, социалдык объектилер, көпүрөлөрдү депутаттар курбайт, ал өкмөттүн компентенциясына кирет. Бирдеме болсо эле, жол тыгынына да, аялы менен күйөөсү урушса да парламентти күнөөлөп жатып калышат. Парламент футбол тобундай эле болуп калды. Унчукпай отура беребизби? КТРК бюджеттен акча алат, элдин аң сезимине революция жасап, мыйзам чыгаруу органы менен аткаруу органынын айырмачылыктар түшүндүргөн көрсөтүүлөрдү беришсин», — деди Мирлан Самыйкожо.



