Коом
Орусиялык медиктер “Добро” миссиясынын алкагында Кыргызстанга келет

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
“Добро” миссиясынын алкагында 17-августта Орусиядан Кыргызстанга “РЖД-Медицина» адистери келип, консультациялар, хирургиялык операциялар, тегерек үстөлдөр жана окутуу модулдарын өткөрүшөт.
Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри бул иш-чараны талкуулоо үчүн Роскызматташтыктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев менен жолукту.
Ошондой эле экинчи миссия октябрга пландалууда. Анда Орусиядан келген мультидисциплинардык дарыгерлер өлкөдөгү медициналык окуу жайлардын окутуучуларына ар андай окутууларды өткөрүшөт.



