Окуялар
Эки жылдан бери издөөдө жүргөн жаран табылды

Баткен районунун Самаркандек айылынын 41жаштагы жашоочусу 2019-жылдын 20-октябрь күнү өзү жашаган үйүнөн чыгып кетип дайынсыз болуп жүргөн. Бул факты боюнча Баткен РИИБнин милиция кызматкерлери тиешелүү иш-чараларды уюштуруп, издөө иштерин жүргүзүп келген.
2021-жылдын 26-май күнү Баткен РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн 1978-жылы туулган Базарбаев Анарбай Сапаралиевичти Ош облусунун Ноокат районунда жүргөн жерин аныктап, кармап келип туугандарына өткөрүп беришти.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы


