Окуялар
Нарын облусунда карыяны өлтүрөбүз дегендер кармалды

Социалдык тармактарда «Кочкордо карыяны автоунаага салып алышып, талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз»-деп коркутушуп видеого тарткан жарандар боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.
Бул факты Кочкор РИИБү тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткан жарандардын өздүгү такталып кармалган. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, анын жыйынтыгы менен жакын арада кошумча маалымат берилет.
Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы


