Ак-Суу айылында тамчылатып сугаруу системалары үчүн желим буюмдарын чыгаруучу завод курулат

Министрлер кабинети Чүй облусунун Ак-Суу айылындагы 10 гектар жер тилкесин айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу тууралуу чечимди бекитти.
Аталган жер тилкеси мамлекеттик менчикте болуп, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары үчүн желим (пластмасса) буюмдарын чыгаруучу завод куруу максатында пайдаланылат.
Чечим президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана райондук мамлекеттик администрациянын корутундулары эске алынып кабыл алынды.
Жергиликтүү бийлик органдарына шаар куруу документациясын иштеп чыгуу жана бекитүү, жер каттоосуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, жер тилкесин так белгиленген максатта пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготууларды жана алынбай калган пайданы компенсациялоо милдети жүктөлдү.
Ошондой эле санитардык нормаларды сактоо, сейсмотуруктуулук жана инженердик камсыздоо эрежелерин аткаруу, жер үстүндөгү сууларды агызууну камсыз кылуу, ал эми тарыхый-маданий мурас объектилери табылган учурда археологиялык көзөмөлдү уюштуруу талап кылынат.
Документте жер тилкеси максаттуу пайдаланылбаса, ал алынары жана мурдагы абалына кайтарылары каралган.
Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет.



