Саясат

Кумтөр биздики болсун дегендер каяктасыңар?

Учурда Кумтөр кени жөнүндө өз пикирин ортого салган жарандардын саны көбөйдү. Алтын кендин тагдыры, тарыхы, инвесторлор тарабынан кетирген кемчиликтер, табиятка тийгизген зыяндары тууралуу маалыматтардын өзөгүнө жетпей, учкай чымчып алып эле, өз ойлорун социалдык тармактар аркылуу жайылткандар көп.

Алардын айрымдары анык максаттарды көздөсө, көпчүлүгү билип-билбей эле ой бөлүшкөндөр.  Андай максат көздөгөндөрдүн да кадамдары белгилүү — Кыргызстандын инвестициялык жаатына шек келтирип, бүгүнкү күндө иштеп жаткан өлкө жетекчилеринин аракеттерин жокко чыгаруу. Мурда Кумтөрдү качан өзүбүз иштетебиз дегендер жер сыйпалагансып жок.

2013-жылга чейин Кумтөрдү изилдөө боюнча 24 жолу комиссия түзүлгөн.  Ошол отчеттордун  бардыгында Кумтөрдөгү экологиялык абалы начар деп жазылып, чечим чыккан.

Ошондо эле  мөңгүлөрдүн үстүнө бир миллиард тоннадан ашуун таштандылар төгүлгөн. Мөңгүлөрдүн баары ээриди. Таштандылар бери жыла баштады. Муз жарылды.

Экинчиден, уулуу заттар ээрип сууга кошулууда. Кумтөр суусу Нарынга, Нарын Сыр дарыяга барып кошот. Уулуу заттар сакталган жер дагы туура эмес, анын алдына пленка салынган эмес-дешкен комиссиядагылар.

“Кумтөргө” мурдатан эле бир нече жолу, жылына беш-алты иреттен эскертүү берилип келген, алар ага ылайык чара көрбөгөндүктөн он беш миллиард сомдук экологиялык доо кылышкан. Андан бери деле 10 жылга аяк басыптыр. Кумтөрдүн экологиялык абалы андан ары артка кеткенин айтпасак деле түшүнүктүү. Ошон үчүн азыркы бийликтин Кумтөр боюнча кылган кадамдары эң туура болду.

Комиисия түзүлдү, мыйзам бузуулар аныкталды. Доо коюлду. Ага канадалыктар адатынча макул болушкан жок. Мурдагыдай болуп алардын айтканы боюнча отуруп калбастан, тышкы башкаруу  киргизилди. “Незаменимых не бывает” дегендей мурдагы жетекчилик жок болгон менен жаңы жетекчилик ишти үзгүлтүксүз улантууда.  Кенде алтын казуу иштери план боюнча жүрүүдө. Ушул жүрүшүбүздөн жазбай, Кумтөр элибиздин пайдасына иштесин.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button