Саясат

Президент: Азыркы эл менен жолугушууларымды шайлоо алдындагы үгүт катары кабыл алуу туура эмес

Мен мыйзамга ылайык иш алып барып, өз милдеттеримди аткарып жатам. Эл тарабынан шайланган президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган президент ант бергенге чейин уланат.

Мамлекеттин иши алдыдагы шайлоого байланыштуу токтоп калбашы керек. Айрымдар 2021-жылы эмне үчүн президенттин милдетин аткаруучу кызматынан кетип, шайлоого катышканымды сурашат.

Ал учурда кырдаал таптакыр башкача болчу. Мен эл тарабынан шайланган президент эмес, адегенде премьер-министр, андан кийин президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болуп иштегем. Ошол кездеги Конституциянын талаптарына ылайык, шайлоого катышуу үчүн премьер-министрлик кызматымды тапшыргам.

Ал учурда президенттин милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аткарган. Азыр болсо мен эл тарабынан шайланган президентмин. Учурдагы президенттин жана президенттин милдетин убактылуу аткаруучунун шайлоого катышуу маселесиндеги укуктук макамы айырмаланат. Бул түшүнүктөрдү чаташтырбоо керек.

Аскар Акаевдин мезгилинен бери эле мыйзамдарда иштеп жаткан президент өз ыйгарым укуктарын тапшырбастан шайлоого катыша алары каралган. Бул норма мен бийликке келгенде пайда болгон эмес, мыйзамда ушундай жазылган. Мындай тартип дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар, анткени мамлекет бир күн да президентсиз калбашы керек.

Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлөт. Азыркы эл менен жолугушууларымды шайлоо алдындагы үгүт катары кабыл алуу туура эмес.

Жыл башынан бери өлкөнүн аймактарын кыдырып жүрөм. Бул сапарларымды ноябрь айында аяктайм. Эл менен жеке жолугуп, көйгөйлөрүн угуп, мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөп жатам. Бул — президент катары менин түздөн-түз милдетим.

Эгерде эл менен жолугушууларда: «Мага добуш бергиле, шайлап койсоңор, тигини же муну жасайм», — десем, анда шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө сөз кылууга негиз болмок. Бирок мен эч кимди өзүм үчүн добуш берүүгө чакырган жокмун.

Мыйзамдын талаптарын жакшы билем жана аларды сактайм. Башка талапкерлерге тоскоолдук жаратуу же кимдир бирөөгө кысым көрсөтүү ниетим жок.

Тектеш кабарлар

Back to top button