Коом
Бишкекте башталгыч класстардын тамагына аймактарда окугандардыкына караганда 8 сомго көбүрөөк акча бөлүнөт

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкек жана Ош шаарларында билим алган 1-4-класстын окуучуларынын тамагына акча жергиликтүү бюджеттен берилет. Борбор калаада бир окуучуга 22 сом, Ошто 15 сом бөлүнөт.
Ал эми аймактарда окуган башталгыч класстын балдарынын тамак-ашына акча республикалык бюджеттен бөлүнөт. Ар бир балага 14 сомдон каралган.



