Окуялар
Бишкекте жүк жана таштанды ташуучу унаа кагышты

Бишкектин Профсоюз көчөсүндө жүк жана таштанды ташуучу унаа кагышты.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, окуя 18-июнда саат 10:00дө болуп, жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.
Эки унаа тең айып аянтчасына киргизилди.


