Саясат

Улукбек Марипов: талапка жооп бербеген автомектептер “кара тизмеге” киргизилиши керек

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Фейсбуктагы” жеке баракчасына жазды. Ал Кыргызстанда автокырсыктардын көбү айдоочулар каршы тилкеге чыгып же мас болуп машине айдагандыктан болорун билдирди.

“Жол кырсыктарынын санынын өсүшү негизинен айдоочулардын каршы тилкеге чыгып кетишине жана мас абалда унаа башкаруусуна байланыштуу орун алууда. Айдоочуларды даярдоо сапатын да эстен чыгарбоо керек. Автомектептер акыркы ирет 2018-жылы текшерилген. Учурда автомектептерди текшерүү жүргүзүлө турген тутум жана критерийлерди кайрадан карап чыгуу зарыл. Белгиленген талаптарга жооп бербеген автомектептер лицензиядан биротоло ажыратылып, «кара тизмеге» киргизилиши керек.

Ар бир айдоочу жол кыймылынын эрежелерин, жолдордогу сабаттуу жана тийиштүү жүрүм-турум эрежелерин так сактоосу жана өзүнүн өмүрү үчүн гана эмес, жол кыймылынын башка катышуучуларынын коопсуздугу үчүн да жооптуу экендигин түшүнүшү керек.

Айдоочулук маданиятты бала кезден эле калыптандырышыбыз керек. Мектептерде балдарга автоунаанын жана жолдо жүрүү коопсуздугунун принциптерин үйрөтө турган атайын курстарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн иликтеп чыгуу керек.

Жол кырсыктардын, анын ичинде оор кесепеттерге алып келген кырсыктардын себептерине жолдордун абалы гана кирбейт. Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын күнөөсүнөн улам келип чыгууда. Тийиштүү мамлекеттик органдар жолдордогу кооптуу жана жоопкерчиликсиз жүрүм-турумдун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүшү зарыл»,- деп жазды ал.

Расмий маалыматка ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси быйыл беш айда 82 миңден ашык айдоочулук күбөлүк берди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миң 600гө көп. Алардын ичинен 41 миң 500 киши айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алгандар. 27 миң 500 адам күбөлүгүн жоготуп же мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кайра алгандар.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 18-июнда Жогорку Кеңеште “Коопсуз шаар” долбоорунун ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында автомектептер тууралуу маалымат берди.

“Кыргызстанда 235 автомектеп бар. Анын ичинен 119на эскертүү берилген, 14нө айып пул салынып, 13нүн ишмердиги үч айга убактылуу токтотулган”.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button