Окуялар
Бишкектеги мектептин ажатканасында чоң класстагы балдардан токмок жеген окуучу жандандыруу бөлүмүндө көз жумду- депутат

Бул тууралуу депутат Надира Нарматова билдирди.
Анын айтымында, 8-класстын окуучусу 21-январда №72 мектепте сабалган. Эл өкүлү мектеп жетекчилиги менен милиция окуяга кайдыгер карап жатканын айткан.
Милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалганын билдирди.



