Коом
Эртең Бишкектин 13 көчөсүндө жарык болбойт. Тизме
Бишкекте 22-июнь күнү 13 көчөдө жарык өчүрүлө турганын «Түндүк электр» ишканасы билдирди.
Бул күнү мекеменин жумушчулары трансформаторлорду оңдоп, бактарды бутап, жабдууларды ремонттойт.
График:
- 9.00дөн 17.00гө чейин — №10 кичи район (№21 үй);
- 9.00дөн 18.00гө чейин — Самойленко, Центральный, Выставочный, Чыгыш, Мостовая, Абдрахманов, Волкова, Кустанай, Токтоналиев көчөлөрү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин бир бөлүгү. Ушул эле маалда Ак-Ордо (Каркыра, Алтын-Байрак, Акак), Киргизия-1 жана Киргизия-2 конуштары менен Чоң-Арык айылында да жарык болбойт.



