Коопсуздук кепилдигин камсыз кылуу: Ысык-Көл облусунун милициясы менен бийлик органдарынын биргелешкен аракеттери — ВИДЕО

Жакында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган милициянын генерал-майору Мурат Боронов, өзүнүн алгачкы ишин облустун жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуудан баштап, элибиздин коопсуз турмушун камсыз кылууда бирдиктүү иш-аракеттерди жүргүзүү маселелерин талкуулоодо.
Балыкчы шаарында жана Тоң районунда өткөн алгачкы жолугушуу бийлик органдары менен коомчулуктун ортосундагы ишенимди бекемдөөгө багытталып, ийгиликтүү жана жемиштүү болуп өттү. Иш-чарада милициянын генерал-майору М. Боронов белгилегендей, жакында өткөн Ички иштер министрлигинин коллегиясында, министр, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков тарабынан мамлекетибиздин жалпы милициянын алдына эки маанилүү иш принциби коюлуп кетти. Биринчиси, элге ак кызмат кылуу болсо, экинчиси өлкөнүн коопсуз өнүгүшүнө салым кошуу.
«Ушул негизги принциптер аткарылганда гана биз элге, мамлекетке берген антыбызды актай алабыз. Министр тарабынан коюлган милдеттерди аткаруу үчүн бардык чараларды көрөбүз. Биз жаралган ар кандай кыйынчылыктарга моюн сунбай, алдыга кадам шилтеп, асыл максаттарга жетүү үчүн, жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте тынымсыз иштерди жүргүзүүгө умтулабыз”, — деди Мурат Боронов.
Жолугушунун жүрүшүндө башкармалыктын башчысы облустук милициянын алдыда турган бардык багыттары, анын ичинде баңги кылмыштарына, өзгөчө синтетикалык баңги заттарына, диний экстремизмге каршы күрөшүү, өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, жол кырсыктарынын деңгээлин азайтуу, кылмыштуулуктун алдын алуу, ошондой эле милициянын күнүмдүк ишмердүүлүгүнө санариптештирүү процесстерин киргизүү.
Кыскача маалымат менен тааныштырган Мурат Боронов, андан кийин жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди. Берилген суроолорду талдоо менен жергиликтүү бийлик органдары эл алдындагы жогорку жоопкерчиликти көрсөтүп, мындай иш-чараларга активдүү катышып жатканын белгилеп кетсе болот. Алар, милициянын иши, замандын заманбап талабына жооп берүүчү багыттар боюнча ашырылып жаткан багыттарга карата өздөрүнүн кызыктырган бир катар суроолорду берип кетишти.
Жолугушунун жыйынтыгында облустук милициянын башчысы, жолугушуу учурунда түшкөн бир дагы суроо же сунуштар жоопсуз калбасын жана тийиштүү аракеттер көрүлөрүн ишендирип кетти. Балыкчы шаарында жана Тоң районунда өткөн жолугушууда башкармалыктын башчысы милициянын ишмердүүлүгүнүн ар кыл багыттары боюнча 50дөн ашык суроолорго жеке өзү жооп берди.
Мындай жолугушуулар облустун башка район-шаарларында да уюштурулуп, бийлик менен калктын кызматташтыгын мындан ары жакшыртуу, ошондой эле Ысык-Көлдүн бардык жашоочулары үчүн коопсуздукту жана ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында жолугушуулар уланмакчы.





