Коом

12-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 12-июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Ош облусунун айрым райондорунда нөшөрлөп жамгыр жаайт.

Абанын температурасы күндүз Чүй облусунда 29…34, Талас облусунда 27…32 градус ысык болот.

Ысык-Көл облусунда күндүз 21…26 градус, Нарын облусунда болсо абанын табы күндүз 21…26 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 28…33 градуска чейин күн ысыйт.

Бүгүн Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз 32…34 градуска чейин ысык болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button