Окуялар
Бишкекте бак бутап жаткан киши кулап кетип каза болду

Бишкектин 7-апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ботаникалык бакчада болжол менен 40-45 жаштагы азиат улутундагы эркек киши бак бутап жатып, кулап түшүп каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жерине 4 куткаруучу тартылып, маркумдун бакта илинип калган сумкасын жерге түшүрүп беришкен.


