Коом
2-августка карата аба ырайы

2-август, ишембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +27…+32, Талас аймагында +26…+31, Ош, Жалал-Абад облустарында +30…+35, Баткен өрөөнүндө +29…+34, Ысык-Көл кылаасында +23…+28, Нарын жергесинде +22…+27 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +28…+30, Ош шаарында +30…+32 градуска чейин көтөрүлөт.



