Коом

Улан Ниязбеков Тажикстанда КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты

2026-жылдын 1-октябрында Душанбе шаарында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин ички иштер органдарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу алмашты ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жана Шериктештикке мүчө-мамлекеттердин укук коргоо органдарынын өз ара кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл трансулуттук жана уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, адам сатууга жана чек ара аралык мүнөздөгү башка кылмыштарга каршы күрөшүүдө кызматташтыкты күчөтүүгө бурулду.

Ошондой эле киберкылмыштуулуктун өсүп жатканы жана заманбап санариптик технологиялардын мыйзамсыз максаттарда колдонулушу айтылды. Бул багытта маалыматтарды ыкчам алмашуунун, өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүүнүн жана жаңы чакырыктар менен коркунучтарга өз убагында чара көрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары КМШга мүчө-мамлекеттерде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталган укук коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын башка багыттары боюнча да пикир

Тектеш кабарлар

Back to top button