Коом
Бишкектеги Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

22-сентябрдан тарта Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Оңдоо иштери Дэн Сяопин проспектисинен тарта Аска-Ташты көздөй кеткен тилкеде жүрүп жатат.
Мэриядан билдиришкендей, буга байланыштуу №120-М, №133, №161, №173, №185, №13, №35, №153, №243 шаардык каттамдарынын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.



