Бишкек шаарындагы №78 мектеп-гимназиясынын директору Муратбек Жумалиев каза болду

Билим берүүнүн отличниги, Бишкек шаарынын №78 мектеп-гимназиясынын директору Жумалиев Муратбек Сыражидинович 61 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.
Жумалиев пневмония менен ооруганы айтылат.
Муратбек Жумалиев 1960-жылы 27-апрелде Нарын шаарында туулган. Эмгек жолун Нарын шаарындагы Чкалов атындагы No2 мектепте география мугалими болуп баштап, кийин Бишкек шаарындагы мектептерде сабак берген.
Жашоосунун ар кайсы мезгилдеринде ал борбордогу № 5 Улуттук гимназиясында, №78 мектептин, № 85 мектептин директору болуп эмгектенген.
Эскерте кетсек, Муратбек Жумалиев 2020-жылдын 6-августунда №78 мектеп-гимназиясынын директору болуп дайындалган. Ага чейинки директор Элнура Музаева да пневмониядан улам көз жумган.
Муратбек Жумалиевдин жакындарына Abal.kg маалымат агенттигинин жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.



