Спорт

Кыргыз футбол биримдиги Жоэл Кожо катышкан жол кырсыгы тууралуу үн катты

Кыргыз футбол биримдиги Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчусу Жоэл Кожо катышкан жол кырсыгы тууралуу комментарий берди.

Кырсык 29-сентябрда Бишкек шаарындагы Жибек Жолу жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон.

«Оюнчу курама команданын «Мурас Юнайтед» базасы жайгашкан жерден жеке иштери менен шаарга чыккан. Жибек Жолу жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде скутер айдап бара жаткан жаран менен кагылышуу болгон. Жаран медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн ооруканага жеткирилген. Жүргүзүлгөн компьютердик томографиянын жыйынтыгында олуттуу жаракаттардын белгилери аныкталган эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, футбол биримдиги скутер айдап бара жаткан жаран жолду жөө адамдар өтүүчү өтмөк аркылуу жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен кесип өткөнүн белгилейт.

«Ошол эле учурда жол-транспорт кырсыгынын так жагдайлары жана себептери тиешелүү иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат. Учурда Жоэль Кожо улуттук курама команданын карамагында жана Ливанга каршы алдыдагы беттешке даярдык көрүүдө», — деп кошумчаланат КФБнын маалыматында.

Тектеш кабарлар

Back to top button