Окуялар
Жол кырсыгына кабылган ырчы Самара Каримова жандандыруу бөлүмүндө жатат

26-июлда Бишкек — Ош автоунаа жолунда жол кырсыгы катталды. Андан жабыркагандардын арасында Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана ырчы Самара Каримова бар экендиги айтылууда. Маалыматтарга караганда, автоунааны ырчынын күйөөсү Асан Мансуров айдап бараткан.
Жол кыймылын көзөмөлдөөчү инспекторлордун айтымында, Мансуров рулда уктап кетип, автунаа бетон тосмону сүзгөн. Медициналык кароодон кийин айдоочунун ичимдик ичпегени жана кырсыктан жабыркабаганы белгилүү болгон. Ал эми Жамалбек Ырсалиев Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.
Самара Каримова жандандыруу бөлүмүндө жатат.



