Нарын ОИИБи: Көчмө кабылдама Жумгал районунда иш алып барууда

Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Жумгал районунун айыл аймактарын кыдырып жергиликтүү жашоочуларга COVID-19 илдетинин алдын алуу багытында тынымсыз иш- чараларды уюштуруп эл менен тыгыз иш алып барууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары район аймагында сууга чөгүү кырсыктарын болтурбоо максатында жер-жерлерде агын суулар көлмөлөр текшерилип, буга чейин атайын илинген эскертүү такталарын карабастан сууга түшүп эс алып жаткан жашы жете элек өспүрүмдөр менен жолугушуп профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле эл көп чогулган жерлер, соода-сатык түйүндөрү, базарларда Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарандарга жугуштуу оорунун алдын алууда бет кап тагынып өздүк гигиенаны туура сактоого чакырууда.

Жол кырсыктарын болтурбоо максатында жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы тарабынан айдоочуларга жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин түшүндүрүп эл менен тыгыз кызматташууда.



