Окуялар
100 миң сом уурдап, Бишкекке качып кеткен аял кармалды

Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 36жаштагы тургунун жашаган турак үйүнөн белгисиз адам 100миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Бул арыз Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кадамжай РИИБнин экстремизм жана мыйзамсыз миграциягы каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери Ош облусунун Араван районунун 29жаштагы М.К. аттуу тургунун аныктап кармап келишип, уурдалган акча өз ээсине кайтарылды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


