Окуялар
Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо сел жүрүшү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-августунан 8-августуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.


