Спорт

Олимпиада: эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев индиялык спортчу менен кармашат

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабында индиялык балбан менен күч сынашат.

Бүгүн 65 килограмм салмактагы балбандар таразага түшүп, чүчү кулак кармашканын өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.

Кыргызстандык балбан мелдештин 8/1 этабында индиялык атлет Баджранг Пуния менен күрөшөт. Оюндар эртең, 6-августта, саат 08:00дө башталат. Мелдешти КТРК Спорт каналы түз алып көрсөтөт.

Акматалиев апрель айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн лицензиялык мелдешти жеңип, Олимпиадага жолдомо алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button