Дүйнө
Ири өлкөлөрдүн баары Афганистандагы элчилигин чыгарып кетишти

Индия Афганистандагы элчилигин эвакуациялаган ири өлкөлөрдүн акыркысы болуп калды. Азыркы тапта Кабулда айрым өлкөлөрдүн жана уюмдардын гана өкүлчүлүктөрү ишин улантууда.
АКШнын Афганистандагы башкы дипломаты өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматтарды четке кагууда.
Орусиянын, Кытайдын жана Пакистандын элчиликтери негизинен өз жарандарын жана алар менен көптөгөн жылдар бою кызматташып келген ооганстандыктарды, талибдер коркунуч жараткан жергиликтүү тургундарды алып чыгып кетүү менен алектенип жатышат.
Кабул аэропорту 17-августта иши бир күн үзгүлтүккө учурагандан кийин кайра ачылып, аба каттамдары уланууда.



