Дүйнө

Түркияда коронавируска байланыштуу катуу талаптар коюла баштады

Түркиянын бийлиги вакцина албаган жарандардын кинотеатр жана ресторандарга кирүүсү үчүн милдеттүү түрдө ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүү талабын коюуну пландап жатат. Бул туурасында президент Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, 6-сентябрда жаңы окуу жылы башталгандан кийин мектепте иштеген кызматкерлер эмдөөдөн өтпөсө, жумасына эки жолудан ПЦР-тест тапшырып турат.

«Университеттин вакцина албаган кызматкерлерине жана студенттерге маал-маалы менен ПЦР-тесттен өтүү талабын коёбуз. Ошондой эле шаарлар аралык каттамдарга, учууларга жана кинотеатр, ресторан сыяктуу жайларга киргүүгө ПЦР-тестти милдеттүү кылабыз», — деп айткан Эрдоган.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө 5,7 миллион адам коронавирус менен ооруган. Анын ичинен 51 миңден ашуун бейтап каза тапкан. Учурда COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 45 миллиондон ашуун адам алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button