Окуялар

Төрт жылдан бери дайынсыз. Баткенде Эргешали Имаралиев изделүүдө

2016-жылдын октябрь айларында Кадамжай районунун Тамаша айылынын тургуну, 1968-жылы туулган Имаралиев Эргешали Нишанович Бишкек шаарына акча табуу максатында жумуш издеп кетип, 2017-жылдан бери дайыны жок.  Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери   издөө иштерин жүргүзүүдө.     

Белгилери: бою 165-170см., кашы көзү кара түстө, ак жүздүү,  дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо.

Эгерде кимдир-бирөө сүрөттөгү кишини таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.

Байланыш үчүн номерлер (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button