Окуялар
Чүйдө Арашан суусунан 17 жаштагы баланын сөөгү табылды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан суусунан 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Арашан суусуна 2004-жылы туулган С.у.К. атуу баланын түшүп кеткени тууралуу маалымат ктүшкөн.
Жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.


