Окуялар

Бишкекте жашаган оогандык качкындар кайрадан митингге чыгышты

Бүгүн, 25-августта Бишкектеги Ооганстандын жарандары Бириккен улуттар уюмунун имаратынын алдына кайрадан митингге чыгышты.

Алар 20 жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жашаган оогандыктар качкындардын расмий статусуна ээ болууну же болбосо Канада же АКШга жөнөтүүнү талап кылышууда.

Акциянын катышуучулары эл аралык уюмдун көңүлүн бурдуруу үчүн Бириккен улуттар уюмунун имаратынын алдына чыгышкан.

Эске салсак, буга чейин дагы Кыргыз өлкөсүндө 20 жылдан бери жашаган оогандык качкындар бир нече жолу ушул эле талап менен митинг уюштурушкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button