Дүйнө

Талибдер Афганистанды калыбына келтирүүдө Кытайга үмүт артууда

«Талибан» (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид 2-сентябрда италиялык La Repubblica гезитине курган маегинде Кытай Афганистан менен дипломатиялык мамилесин үзбөй турганын билдирди. Анын айтуусунда Кабулдагы жаңы бийлик АКШнын аскерлери чыгып кеткенден кийин өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүдө Пекинге үмүт артат.

«Кытай биздин негизги өнөктөшүбүз жана Афганистанды калыбына келтирүү үчүн инвестиция салууга даяр. Биз «Бир кур-бир жол» демилгесин колдойбуз. Бизде Кытай иштетүүсү мүмкүн болгон жез кендери бар. Кытай бизди дүйнөлүк базарга алып чыгат», — деди Мужахид.

2-сентябрда «Талибандын» дагы бир өкүлү Кытай Афганистандын элчилигин жаппай, «мамилени бекемдөөгө жана гуманитардык жардамды көбөйтүүгө» убада кылганын билдирди.

АКШ жана өнөктөштөрү талиптер бийликке келгенден кийин Афганистандагы дипломаттык өкүлчүлүктөрүн жабышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button