Окуялар

Каракол шаарында аялга кол салып, акчасын, телефонун тартып алган шектүү кармалды. ФОТО

Каракол ШИИБне Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын тургуну, 37 жаштагы аял киши арыз менен кайрылган. Арызында, кечке жуук шаардын А. Пушкин атындагы сейил багынан белгисиз эркек адам ага кол салып, күч колдону менен сабап, анын уюлдук телефонун, 9 миӊ сом өлчөмүндө акча каражатын жана жарандык паспортун тартып алгандыгын билдирген.  Бул тууралуу  Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган окуя Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 201 (Тоноо) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, Каракол ШИИБне алып келинген. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта, кылмышка шектүү катары кармалган Түп районунун Кеӊ-Суу айылынын тургуну 33 жаштагы Ж.К., кылмыш боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Шаардык сотунун чечими менен, 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда, тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button