Дүйнө

Афганистанда талибдердин курчоосунда калган британиялык жоокерлер паранжа кийип качып чыгышкан

Британиялык спецназдар аялдардын көйнөгүн кийип, талибдер көзөмөлдөгөн аймактан качып өтүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Улуу Британиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн 20 спецназ Афганистандын түштүгүндө калып калган. Өлкөнүн коргоо министрлиги аларды алып чыга албай калгандыктан, жоокерлер өз алдынча Кабулга жетүүгө аракет кылышкан.

Спецназдар Афган аялдарынын кийимин кийип, беттерин толук паранжа менен жаап жолго чыгышкан. Алар Хамид Карзай аэроптортуна бара жаткан жолдогу талибдер көмөлдөп турган бир катар пункттардан байкатпай өтүп кетүүгө үлгүрүшкөн. Ошондой эле, жоокерлер бардык курал-жарактарын таштап кетишкени да айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Британия Афганистандын аймагынан жалпы 6 миңге жакын жаранын алып кеткени айтылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button