Окуялар

Бишкекте күйөөсүнөн катуу сабалган аял ооруканада каза болду

Бишкекте милиция кызматкерлери аялын өлтүрө сабаган деген шек менен анын күйөөсүн кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-август күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө денеге оор залал келтирген деген билдирүү келип түшкөн.

Жабырлануучу №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Анын кабыргасы сынып кеткен. Ыкчам тергөө тобу жабырлануучудан окуя тууралуу сураганда, ал күйөөсү менен уруша кетип, анын денесине оор залал келтиргенин айтып берген. Көп өптөй жабырлануучу аял ооруканада каза болуп калган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Көп өтпөй шектүү катары 1971-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button