Окуялар

Кадамжайда тоо тарапка кетип, дайынсыз болуп жаткан баланын сөөгү табылды — ФОТО

Кадамжайда дайынсыз болуп жаткан баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай шаарынын тургуну 2000-жылы туулган Д. уулу Ө. аттуу эркек бала үйүнөн чыгып, тоо тарапка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

7-сентябрдан бүгүнкү күнгө чейин ӨКМнин куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес.

Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү учурунда жогоруда аталган жарандын сөөгү Кадамжай шаарынын четинен агып өткөн Нургазиев каналынан милиция кызматкерлери тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button