Ош-Эркештам жолунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

11-12-сентябрь күндөрү Алай районунда Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн тарабынан маалым болду.
Буга байланыштуу, коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө максатында Ош облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт.
Ал эми 12-сентябрь күнү саат 08:00дөн 24:00 чейин Ош-Эркештам жолунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Ошондой эле Алай районунун Гүлчө айылынын борбордукАлымбек датка, А. Уметалиев жана Ш. Досматов көчөлөрүндөгү жол кыймылына убактылуу чектөө коюлат. Облустук өкүлчүлүк убактылуу чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, катышуучуларды тазалыкты сактоого чакырды.



