Коом

Кыргызстан июлда бир дагы грамм алтын саткан жок

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстан июль айында бир дагы грамм алтын экспорттогон эмес.

Январь-июнь айындагы экспорт 4 тонна 141 килограмм 879,4 граммды түзгөн. Бул көлөм 234 миллион 909,7 миң долларга бааланган.

Алтындын экспорту боюнча январь-июль айындагы көрсөткүч ушул бойдон калган (4 тонна 141 килограмм 879,4 грамм). Статкомдун маалыматы боюнча, өткөн жылдын июль айында 1 тонна 390 килограмм баалуу металл сатылган.

Белгилей кетсек, июнь айында чет өлкөгө 6,2 килограмм алтын экспорттолгон.

Эгер үстүбүздөгү жыл (4,1 тоннадан ашык) менен өткөн жылдын жети айындагы (11,7 тонна) маалыматтарды салыштыра турган болсок, ортодогу айырма 7 тонна 588,6 килограммды түзүүдө. Башкача айтканда, быйыл январь-июль айынын аралыгында алтын 7,6 тоннага аз экспорттолгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button