Коом

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты — ФОТО

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата 2021-жылдын 18-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери аймакты көрктөндүрүү, тазалоо  боюнча ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ишембиликке ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын бардык бөлүктөрүнүн кызматкерлери катышты.

 Керектүү жабдыктар менен кызматкерлер таштандыларды,   жалбырактарды жана чөптөрдү чогултуп,   тазалашты.  Милиция кызматкерлеринин бирдиктүү аракеттеринин натыйжасында   бир нече сааттын ичинде министрликтин айланасы көрктөнүп,  бардык жер тазаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button