«Талибан» Тажикстанга Афганистандын ички ишине кийлигишпөөнү эскертти

Афганистандын «Талибан» кыймылы түзгөн өкмөтүнүн төрага орун басары Абдусалом Ханафи Тажикстанды өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырып, антпесе «ар кандай нерселер болуп кетиши мүмкүн экенин» эскертти.
«Бир өлкөнүн коңшусунун ички ишине кийлигишүүсү кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгында болбойт. Кандай гана аракет болбосун анын кесепеттери бар. Ар ким өз үйүндө тартип орнотуу менен алектенсе жакшы болмок», — деди Ханафи Al Jazeera телеканалында сүйлөп жатып.
Ошол эле маалда ал Тажикстан Афганистандын кайсы ишине кийлигишип жатканын так айткан жок.
Өткөн жуманын аягында «Талибандын» басма сөз катчысы «Твиттердеги» баракчасына Тажикстан менен чектешкен Тахор провинциясына «Мансури армиясынын» миңдеген жоокери жөнөтүлгөнүн жазган.
Тажикстандын бийлиги бул эскертүүгө расмий түрдө жооп берген жок. Буга чейин тажик президенти Эмомали Рахмон Душанбе Афганистандын ички ишине кийлигишпей турганын айтып, бирок коңшу өлкөдөгү абал жөнгө салынышы үчүн инклюзивдүү өкмөт түзүлүшү керектигин билдирген.
Рахмон 24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып, талибдер инклюзивдүү өкмөт түзүү тууралуу убадасын аткарбаганын сындаган.
27-сентябрда Италиянын тышкы иштер министри «Талибан» түзгөн Афганистандын жаңы өкмөтүндө 17 террорчу бар экенин» айтып, мындан улам аны таанууга болбой турганын белгилеген. Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти да ушундай эле билдирүү жасаган. Талибдер мындай айыптоолорду четке кагып келишет.



