Коом

ВИДЕО: Кара-Суу районунда милиция кызматкерлери укук бузуулардын алдын алуу боюнча жаш өспүрүмдөрдүн оюн угушту

2021-жылдын 23-сентябрь күнү Султанов А.К. атындагы Кара-Суу РИИБдин жашы жете электер менен иштөө испекциясынын инспекторлору тарабынан Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл аймагында “Бирдиктүү алдын алуу күнү” иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага билим берүү бөлүмү, эмгек жана социалдык коргоо бөлүмү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Бирдиктүү алдын алуу күнүн өкөрүүнүн максаты 2021-2022-окуу жылына карата Жалпы билим берүү мекемелерендеги окуучулар арасында укук бузуучулуктун алдын алуу жана болтурбоо үчүн кошумча чараларын күчөтүү болуп саналат. Бул багытта өспүрүмдөргө ар кандай терс көрүнүштөргө тартылбоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жасаган кылмыштуулуктун жоопкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми мектеп окучуларынан “Өспүрүмдөр улуулардан кандай мамиле күтүшөт?” деген суроонун айланасында сунуш-пикирлер алынды. Мындан сырткары  бул багытта иш алып барууну жакшыртуу үчүн бирдиктүү алдын алуу күнүнүн алкагында “Милиция-жаштардын көзү менен” аттуу аталган айылдын мектеп окуучуларынын ортосунда иш-чара уюштурулуп, анда окуучулар милиция кызматкерлерине болгон көз карашын баяндаган сүрөттөрдү тартып, ал боюнча баяндама жасашты.

Ошондой эле өспүрүмдөрдүн тарбиялык маанидеги иш-чарага катышкан жалпы окуучуларга “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду тарабынан белектер тапшырылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button