Окуялар

16 күндөн бери дайынсыз. Ысык-Көлдө тоо тарапка кеткен аял менен изделүүдө

Ысык-Көлдө «Баш-Көл» тоо тарапка кеткен аял менен эркек дайынсыз болуп изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, алар 18-сентябрдан бери  дайынсыз.

«1977-жылы туулган А.М. (эркек) жана 1976-жылы туулган Р.М. (аял) Эңилчек айылынан чыгып, «Баш-Көл» тоосу тарапка кетишкен. Алар 28-сентябрь күнү кайтып келиши керектигин туугандары куткаруучуларга билдиришкен. Бирок жогорудагы адамдар 18-сентябрдан тарта дайынсыз болуп, кайтып келген эмес.

Мындан улам издөө иштери өз алдынча жүргүзүлүп, натыйжасыз болгон. Бүгүн, 4-октябрь күнү таңкы саат 06:00дө жалпы 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталды», — дешти министрликтен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button