Коом

Нарын ОИИБде криминалдык милиция кызматынын түзүлгөндүгүнүн 103 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 5-октябрь күнү Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги А.Жумабеков жана  начальниктин орун басарлары, Нарын ОИИБнин ардагерлери, өздүк курамдын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын ИИМнин Криминалдык милиция кызматынын түзүлгөндүгүнүн 103 жылдык мааркеси белгиленип, салтанаттуу иш-чара болуп өттү.  Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын башында   алгачкы сөз А.Жумабековго берилип, анда Эгемен Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө талыкпаган эмгегиңерди, эл жүгүн аркалаган жооптуу кызматыңызыздарды ийгилик коштоп, калк кадырлоосуна ээ болуп, дайым кыргыз элинин сыйына, ишеничине бөлөнүп, үй-бүлөңүздөр жана жакындарыңыздардын жанында аман-эсен болушуңарга тилектешмин.  Криминалдык милиция кызматы эң оор жана кооптуу болгондуктан өзгөчө кылдаттык жана сактыкты талап кылат. Кырсыктан алыс болуп, жеңиш ар дайым биз менен болуусун баса белгилеп иштерине ийгилик каалап өттү. 

 Нарын облустук ички иштер башкармалыгында  өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон зор салымдары үчүн жана 5-октябрь Кыргыз Республикасынын ИИМнин Криминалдык милиция кызматынын түзүлгөндүгүнүн 103 жылдык мааракесине   карата айрым кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ИИМдин “ИИМ мыкты кызматкери”, “Кылмыш иликтөө кызматына 100жыл”,  “Кылмыш иликтөө кызматынын ардагери”төш белгилери, “Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына 25 жыл”  юбилейлик медалы  жана Нарын ОИИБнин Ардак грамоталары,  Алкыш баракчалары менен сыйланышты.

Белгилей кетсек Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги А.Жумабеков Өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн жана эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын урматына  “Кыргыз  Туусу”  гезитинин  “ЭЛ СЫЙМЫГЫ” медалы менен сыйланды.

Иш-чаранын алкагында майрамдык иш-чарага утурлай “Офицердин жубайы” медалы милиция кызматкерлеринин жана ардагерлердин жубайларына тапшырылды.                                                                                    

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button