Коом

Азыр доллар сатып алуу керекпи? Кыргызстандын Улуттук банкынын жообу

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева ушу тапта чет өлкөлүк валютаны сатып алуудан карманууга чакырды.

Ага брифинг учурунда «азыркы кырдаалга байланыштуу доллар сатып алуу керекпи?» деген суроо узатылган.

«Эң жөнөкөй сунуш — паникага алдырбаш керек. 24-февралдан берки көрүнүш — бул көбүнчө психологиялык фактор менен рыноктун катышуучуларынын күтүүсү», — деди Карабаева.

Ал 24-февраль күнү доллардын баасы 95 сомго жетип, кийинки күнү 89-90го түшкөнүн эскертти.

Ал ошондой эле паникага алдырып чет элдик валюталар боюнча кандайдыр бир операцияларды жүргүзбөй турууну сунуштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button