Окуялар

Сокулукта мал уурулукка шектүүлөр кармалды. ФОТО

2021-жылдын 3-октябрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1977-жылы туулган жаран  Д.С. кайрылган. Себеби анын Шопоков шаарындагы жайгашкан сарайынан белгисиз адамдар тарабынан анын бир баш малын уурдап кеткендигин билдирген. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы мал уурулукка шектелишип, 2000-жылы туулган Д.В. жана 2001-жылы туулган М.А. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Шектүү жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button