Коом

12-октябрда Бишкектин бир нече аймактарында суу токтойт. Тизме

Эртең, 12-октябрда, борбор калаанын бир нече аймактарында саат 9:00дөн 21:00гө чейин суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирүү таратты.

«Гагарин», «Түштүк-батыш» суу кампаларында жана шаардагы суу түтүктөрүнүн тармагында оңдоп-түзөө жана профилактикалык иштер жүрөт», — деп айтылган маалыматта.

Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Жунусалиев, Чайковский, Айни, Толстой, Садырбаев, Космос көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасында, Жер иштетүү институтунда, Ак-Өргөө, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнөн тарта түндүк тарапты көздөй кеткен жагы), Теңир-Тоо (Ахунбаев көчөсүнүн төмөн жагы) конуштарында.

Бишкек мэриясы «Бишкек суу канал» башкармалыгынын өндүрүштүк-эксплуатациялык иштеринен улам элге келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууну эскерткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button