Коом

28-февралда Ак-Босого конушунда суу өчүрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 28-февралында Бишкектеги Ак-Босого конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 20:00гө чейин Ак-Босого конушунун турак жайларына, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.

Суу «Ак босого-1», «Ак босого-2» суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button